Информационно-библиотечная служба

         Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектебинин 2019-2020 окуу жылында китепкананын   аткарылган   бир жылдык  маалыматы.

Август айында китепкананын 2019-2020 –жылдары үчүн түзүлгѳн иш –пландары тастыкталды.

Китепкананын максаты:

– окуучуларды  китеп окууга кѳндүрүү, үндѳѳ , кызыктыруу;

– китептертерди таза сактоого;

– китеп окуган арыштайт озот, анткени, китеп –акылга акыл кошот ж.б.у.с. ырлар, макалдарды, накыл сѳздѳрдүн жардамы аркылуу, мектептеги 1 –класстан  баштап  11 –класс окуучуларына чейин, китептен жалан гана ар бир инсан ѳзү үчүн пайдалуу жагын алууга үндѳйт.

Жыл бою окурмандардын саны –306 даана  окуучулар, мугалимдер.

КР  ББМ №25/1 17 –январда 2019-жыл 5-6 кл.окуучулары үчүн жаны китептер арендага колдонууга берилди.

Жыл бою мектеп жетекчилери, башталгыч класс мугалимдери жана китепканачы Мерсико тарабынан  ишке ашырылып жаткан Макговерн –Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» аттуу долбоордун негизинде иш алып барылды.

Сентябрь айынын башталышында мектеп окуучулары жана класс жетекчилери, предмет мугалимдери окуу китептери менен толук камсыздандырылды.

Сентябрь айында Мамлекеттик тил майрамына карата: «Эне тилим — эчен кылым карыткан, эч ким аны ѳчүрѳ албайт тарыхтан» -деген  темада, китеп кѳргѳзмѳсү, сүрѳттѳр конкурсу, дубал –газеталар, ж.б.у.с. кѳргѳзмѳлѳр уюштурулду.

Сентябрь айынын аягында Н.А.Островскийдин 115 –жылдык маарекесине; китеп кѳргѳзмѳсү, сүрѳт  кѳргѳзмѳсү болду.

«Сүйүктүү шаарым – Кызыл –Кыям» аттуу 8,9 –класстар арасында тегерек стол жана ачык сабак ѳткѳрүлдү.

«М.Ю.Лермонтов 205 жашта» деген темада анын чыгармаларынан  кѳркѳм окуу, үзүндүүлѳр жатка айтышты.

Кыргыз элинин улуу акыны жана композитору Т.Сатылгановдун 155 жылдык мааракесине Токтогулдун ырларынан ырдашты, анын ырларына бийлешти, сүрѳт, дубал- газета конкурсун уюштурушту. Токтогул жѳнүндѳ буклет жасашты.

Окуучулардын китептерди таза сактоосу жана колдонусуна карата китепканачы тарабынан текшерүү ѳткѳрүлдү.

« Аалы Токомбаев 115 жашта» китеп кѳргѳзмѳсү болду. А.Токомбаев жѳнүндѳ маалыматтарга ээ болушту.

Мерсиконун « Билим үчүн  азык  жана балдардын  тамактануусу» программасынын алкагында  « Окурман достор» тобу түзүлдү жана ал жѳнүндѳ иш алып барылды.

«Окуу үчүн  убакыт иш чара уюштурулуп бир айда эки жолу ѳткѳрүлдү.

Декабрь айында «Манас эпосу» жѳнүндѳ класс жетекчилери « Манас –кыргыз рухунун туу  чокусу» деген темада кѳргѳзмѳ жасалды. Манасчылар конкурсу болду.

Кыргыз элинин улуттук сыймыктары, мисалга алсак; боз үй, комуз, желек ж.б.у.с. Сүрѳт конкурсу, жогоруда аталган буюмдардын макеттерин жасашты жана аларды мектептин музейине тапшырышты.

Кыргыз элин бүткүл дүйнѳ элине тааныткан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнѳ карата дубал –газеталар, сүрѳттѳр, буклеттер чыгарышты. Ошондой эле, окурмандар конференциясы болду. Мында чыгармалары жѳнүндѳ суроолорго жооп алышты. Чыгармаларынан сахналык кѳрүнүштѳр аткарылды.

Январь айында китептердин сакталышы жѳнүндѳ рейд жүргүзүлдү.

А.С.Грибоедов 225 жашта деген темада буклет жасалды.

А.П.Чеховдун 160 жылдыгыны карата китеп кѳргѳзмѳсү жасалды.

Февраль айында «Ѳзүбүз китеп жазып жасайбыз» аттуу конкурсу болуп ѳттү.

Мерсико тарабынан «Эӊ жакшы деӊгээлде жасалган мыкты китеп» деп бааланган китеп жазып жасаган 12 окуучуга сыйлыктар, белектер берилди.

Март айында «Окурман үй-бүлѳ» аттуу конкурс ѳткѳрүлдү. Бул конкурска башталгыч класстарынан 2-3-4 класстар арасында 4 үй-бүлѳ катышты. Мектеп тарабынан 4 үй-бүлѳгѳ белектер берилди.

8-март «Аялдардын эл- аралык  майрамына» карата кѳркѳм окуу ѳткѳрүлдү.

23- апрель « Бүт дүйнѳлүк  китеп» күнүнѳ карата видеоролик даярдалды.

Апрель,май айларында карантинге байланыштуу аралыктан окутуу мезгилинде  «Окуу үчүн убакыт» иш- чарасы ѳткѳрүлүп турулду.

Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата онлайн түрүндѳ видео аркылуу сүрѳттѳр конкурсу, кѳркѳм окуу ѳткѳрүлдү.

4-чейрек дистаннтык аяктаган 30-майдан соӊ, мектеп фондундагы китептерди ата-энелер толук тапшырышты .Окуу китептердин абалы жакшы.

 

      Мектеп директору:                                     Д.И.Ахмедова

       Китепканачы:                                              З.М.Рахимова